Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:06

Кызыл деңиз жээгиндеги Египеттин Хургада курорт шаарында алты чет өлкөлүк турист бычактан жараат алып ооруканага түштү.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги чабуул койгон адам ушул эле күнү кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал коңшу пляждан мейманканага сүзүп өткөн. Кылмышка эмне шыкак болгону азырынча белгисиз.

Жабыркагандардын баары ар улуттагы аялдар экени маалымдалды. Бирок кайсы улуттан экени айтылбайт. Алардын арасынан эки украиналык аял өлдү деген да ырасталбаган кабар тарап жатат.

Бул окуядан бир саат мурда өлкөнүн тарыхый Гиза шаарында да беш полициячы атылган. Анда мотоцикл минген жоочулар кол салган деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG