Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Бишкекте КСДПнын курултайы өтүүдө


Бишкекте КСДПнын курултайы өз ишин баштады. 15.7.2017.
Бишкекте КСДПнын курултайы өз ишин баштады. 15.7.2017.

Бишкекте Кыргызстан социал-демократтар партиясынын XVI курултайы (съезди) башталды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, парламенттеги КСДП жана башка фракцияларынан депутаттар, республиканын бардык аймактарынан келген 672 делегат катышууда.

Алгач тасма көрсөтүлүп, анда Кыргызстандын соңку жылдардагы жетишкендиктери, эркин адамдардын өлкөсү боло алганы, энергетикалык көз карандысыздык камсыздалганы, нааразылык митингдери артта калганы, Сооронбай Жээнбеков популист эместиги, жаштарга көңүл буруп, эл аралык мамилелерди жакшырта алганы жана башка сапаттары үчүн президенттикке талапкер катары сунушталып жатканы тууралуу партия мүчөлөрү айтышты.

Курултай партиянын атынан президенттикке талапкерди расмий көрсөтүшү керек. Буга чейин КСДПнын саясий кеңеши бул кызматка Сооронбай Жээнбековду колдогон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябра өтөт. Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго арыз бергендердин саны 26га жетти.

Жакында партиянын жаштар канатынын бир өкүлү талапкерди праймериз жолу менен тандоону сунуштаган болчу. Бирок анын сунушу колдоо тапкан эмес. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG