Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы бүгүн Бишкекте кезектеги курултайын (съезд) өткөрүп, президенттик кызматка премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бул чечимди курултайга келген 674 делегаттын баары бир добуштан колдоду, каршы чыккандар болгон жок.

Партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов Жээнбековдун талапкерлиги социологиялык сурамжылоонун негизинде 12 адамдын арасынан тандалганын, аны саясий кеңеш бир добуштан колдогонун, КСДП талапкерди бир нече адамдын арасынан тандаган жалгыз партия болгонун белгилеп, президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү улантыларын жана партия жоопкерчиликти аны менен бирге чогуу алган уюм экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү менен иш бүтүп калбасын, алдыда чоң жарыш турганын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат деп билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, бул 5 жылдык өнүгүү программасынын алкагында ишке ашат.

Жээнбеков ипотекалык программа улантыларын, ал бюджеттик мекемелерде иштегендерге гана эмес, баарына жеткиликтүү болорун кошумчалады.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. 14-июлга карата Боршайкомго арыз бергендердин саны 26га жетти. Алардын төртөөнү партиясы көрсөттү, 22 адам талапкерликке өзүн өзү көрсөттү. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG