Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Фарид Ниязов: КСДПнын чечимин аткарбагандарга партияда орун жок


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Социал-демократтар партиясынын (КСДП) чечимдерин кимде ким аткарбаса, ага партияда орун жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов билдирди:

- Съезддин чечими чыккандан кийин аны КСДПнын ар бир мүчөсү аткарыш керек. Буга милдеттүү экени Уставда жазылган. Ким аткарбаса, ага партияда орун жок. Ал же партиядан чыгарылат, же өзү чыгат. Эки талапкер болбойт. Бирөө эле. Ал Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн КСДП Бишкекте курултай өткөрүп, саясий кеңештин премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке жалгыз талапкер кылып көрсөтүү сунушун бир добуштан колдогон чечим кабыл алды.

Курултайда сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин төрагасы, КСДП мүчөсү Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышарын билдирип, "Баардык эле биздин талапкерлерге Турсунбеков жага бербейт же баарына Жээнбеков эле жага бербейт. Эми аларда жалпы жолду гана эмес, көбүрөөк колдогон талапкерин да тандап алганга мүмкүнчүлүк бар" деп айтты. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG