Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:49

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эгер анын өлкөсүндө кумсалар бар болсо, "канды тазалоо үчүн" аларды республиканын аймагынан чыгарууну сунуштады. Ошону менен катар ал америкалык НВО телеканалынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып Чеченстанда салттуу эмес сексуалдык ориентациядагы адамдар жок деп билдирди.

"Бизде андай адамдар жок. Эгер бар болсо бизден алысыраак, Канадага алып кеткиле" деди Кадыров.

Орусиянын "Новая газета" басылмасы быйыл апрель айында Чеченстандагы кумсалар жапырт кармалып, кыйноого кабылып, өлтүрүлүп жатканын жазып чыккан болчу. Өлкө бийлиги журналисттер калп айтууда деп, редакцияга карата коркутуулар айтылган.

Кийинчерээк Reuters агенттиги Чеченстанда кумсалык үчүн кыйноого кабылган эки эркектин окуясын жазган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG