Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Эң абройлуу математика медалын алган жалгыз илимпоз айым дүйнө салды


Профессор Мариям Мирзахани. Сеул ш., Түштүк Корея. 13.8.2014.
Профессор Мариям Мирзахани. Сеул ш., Түштүк Корея. 13.8.2014.

Математика боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыкка - Филдс медалына илимпоз айымдардын ичинен ээ болгон жалгыз өкүл, АКШдагы атактуу Стенфорд университетинин профессору Мариям Мирзахани рак илдетинен каза болгонун Ирандын маалымат каражаттары кабарлоодо. Ал АКШнын ооруканаларынын биринде 15-июлда көз жумду.

Теги ирандык профессор аялга кадыр-барктуу эл аралык математикалык сыйлык 2014-жылы Сеулдагы эл аралык математикалык конференцияда башка да үч илимпоз менен чогуу тапшырылган.

Мирзахани 1977-жылы Тегеранда туулган, 2004-жылы Гарвард университетинде докторлугун жактаган. Ал адаттан тыш геометриялык формалар боюнча эксперт болчу. Ээр же спираль формасындагы заттардын көлөмүн эсептөөнүн өзгөчө жолун тапкан.

XS
SM
MD
LG