Иран лидерлери белгилүү окумуштуу Мариям Мирзаханинин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышты. Өлкө президенти Хасан Роухани муну чоң кайгы деп атап, Мирзаханини Ирандын атын дүйнөлүк илимий форумдарда чыгарган чыгармачыл, жөнөкөй адам болчу деп мүнөздөдү.
Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф анын өлүмү бардык ирандыктар үчүн оор жоготуу экенин белгиледи.
Математика боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу Филдс медалынын жалгыз аял лауреаты, АКШдагы атактуу Стенфорд университетинин профессору Мариям Мирзахани АКШнын ооруканаларынын биринде рак илдетинен 15-июлда каза болгон.
Теги ирандык профессор аялга кадыр-барктуу эл аралык математикалык сыйлык 2014-жылы Сеулдагы эл аралык математикалык конференцияда башка да үч илимпоз менен чогуу тапшырылган.
Мирзахани 1977-жылы Тегеранда туулган, 2004-жылы Гарвард университетинде докторлугун жактаган. Ал адаттан тыш геометриялык формалар боюнча эксперт болчу. Спираль формасындагы заттардын көлөмүн эсептөөнүн өзгөчө жолун тапкан.