Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:40

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата көз каранды эмес байкоочуларды каттай баштады. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматованын "Азаттык" радиосуна айтымында, өз ара кызматташкан 50гө жакын эл аралык уюмга, чет мамлекеттердин шайлоо комиссияларына өлкөнүн президентин тандоо жараянына байкоо салуу боюнча чакыруу жөнөтүлдү.

- Эл аралык байкоочулар анкета толтургандан кийин атайын мыйзамдын негизинде катталат. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, ички бейөкмөт уюмдардын байкоочуларын дагы каттоо боюнча жобо кабыл алынган. Анын негизинде "Адилет" укуктук клиникасы менен "Жарандык платформа" уюмунун байкоочуларын каттадык.

Бул күндөрү "Жарандык платформа" коомдук уюму болочок президентти "Аң сезимиң менен танда!" деген аталышта маалыматтык-агартуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат. Жети облуста активдүү жарандарга, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана быйыл жаңы добуш берчү жаштарга шайлоо укуктары боюнча тренингдер өткөрүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 28 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен 23 адам өзүн өзү көрсөтсө, 5 жаранды саясий партиясы көрсөткөн. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG