Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:29

17-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 27...32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23;

Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12;

​Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29°.

XS
SM
MD
LG