Вашингтондо өтө турган робот техникасы боюнча сынакка виза ала албай калып, катышуу укугунан ажыраган оогандык кыздар тобу АКШ президенти Доналд Трамптын кийлигишүүсүнөн кийин өлкөгө учуп келди. Алты кызды "Даллес" аэропортунан ооган элчиси өзү тосуп алды.
Алар 17-июлда баштала турган, дүйнөнүн чар-тарабынан келген жаштар катышуучу FIRST Global Challenge эл аралык сынагында күч сынашат.
Трамптын виза саясатын катуулаткан эрежелеринен улам ооган кыздарга АКШга виза берилбей калган. Бирок кийин коомчулук арасында нааразылык күчөп, президент кийлигишүүгө мажбур болгон.