Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Австралия Орусияны учак кырсыгын иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырды


Реконструкцияланган Boeing 777
Реконструкцияланган Boeing 777

Австралия Орусияны 2014-жылы Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн малайзиялык Боинг-777 учагынын кыйрашына шектүүлөрдү жазага тартууга көмөктөшүүгө үндөдү.

Ичиндеги 298 адамдын баары каза болгон бул кырсыкты иликтеген голландиялык тергөөчүлөр учак Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилер көзөмөлдөгөн аймактан атылган орусиялык "Бук" ракетасынан кыйраган деген бүтүмгө келген.

Австралиянын тышкы иштер министри Жулия Бишоп бүгүн Орусияны Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарууга чакырды.

Орусия бул окуяга эч тиешеси жок экенин айтып келатат.

Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бараткан Боинг-777 учагынын ичиндегилердин көпчүлүгү голландиялыктар, калгандары 17 өлкөнүн өкүлдөрү, арасынан 38и австралиялыктар болчу.

XS
SM
MD
LG