Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Санкт-Петербургда "Интернет эркиндиги үчүн" акциясы өттү


Москвадагы нааразылык акциянын катышуучулары, 9-август, 2016
Москвадагы нааразылык акциянын катышуучулары, 9-август, 2016

Шаар бийлиги уруксат берген акцияга 20га чукул киши катышты. Активисттер «антитеррористтик» деп аталган мыйзамдар топтомун жокко чыгарууну талап кылышты. Полиция чогулгандарга көз салып турду, кимдир бирөөнүн кармалганы тууралуу маалымат жок.

Москвада дагы ушундай эле акция пландалып, бирок шаар бийлиги менен макулдашылбагандыктан өткөн жок.

Freedom House укук коргоо уюмунун баяндамасына ылайык, Орусия дүйнөдө “интернет чектелген” 20 өлкөнүн катарына кирет. Орус бийлиги мындай чектөөлөрдү “антитеррористтик ишмердүүлүк” менен байланыштырат. Иш жүзүндө оппозициялык көз караштагы авторлор, Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу жазгандар жана сексуалдык азчылыктардын таламын талашкан активисттер кысымга кабылып жатканы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG