Коопсуздук кеңештин бүгүнкү жыйынында үч маселе - жол коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары, Кыргызстандын стратегиялык обьектилеринин тизмеси талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйын президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтөт.
Буга чейин активисттер Кыргызстанда жол кырсыгын азайтууну Коопсуздук кеңешинде карап, тиешелүү чараларды кабыл алуу талабын коюшкан.
Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашык кишинин өмүрүн алды. 3 800дөн көбү түрдүү жараат алышты.
Жаанчыл аба ырайынан өлкөдө сел жана жер көчкү жүрүп, бир нече кишинин өмүрү кыйылып, ондогон үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлдү.