Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Алты араб өлкөсү футбол оюндарынын Катарда өтүшүнө каршы чыгышты


Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино маалымдагандай, Сауд Арабия, Йемен, Мавритания, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатын башка өлкөгө жылдырууну талап кылышууда. Алар Катар террорчулукту жактай турганын жана турнирге келе турган күйөрмандардын коопсуздугун камсыздоого даяр эместигин билдиришти. Эгер талап аткарылбаса, чемпионатка бойкот жарыялашарын эскертишти.

5-июнда Сауд Арабия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары Катар менен дипломатиялык алаканы үзгөн. Алар Доханы араб мамлекеттериндеги ички саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө аракеттенген, террорчулукту колдогон деп айыптап жатышат. Булардын катарына Йемен, Ливия, Мавритания жана башка мамлекеттер да кошулган. Расмий Доха өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

Катар чемпионатты өткөрүү укугуна 2010-жылы 2-декабрда ээ болгон.

XS
SM
MD
LG