Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Өзбекстан ырчыларга лицензия берүүнү татаалдаштырды


Өзбек ырчылары Лола жана Райхон.
Өзбек ырчылары Лола жана Райхон.

"Узбекконцерт" мамлекеттик мекемесинин (мурдагы "Узбекнаво") көркөм кеңеши ырчыларга лицензия берүү эрежесин татаалдаштырды. 1-июлдан тарта күчүнө кирген жаңы эрежеге ылайык, эми лицензия алууну каалаган адам кеңеш мүчөлөрүнө жандуу үн менен ырдап берүүгө тийиш. Андан тышкары, жеке концерттерде аткарылган ырлардын бери дегенде 60 пайызы жандуу ырдалышы керек.

Көркөм кеңеште белгилүү ырчылар, клипмейкер, режиссер, акын жана обончулар бар.

Буга чейин ырчылар лицензия алуу үчүн ырларын дисске жаздырып, сөздөрүн кагазга жазып комиссияга сунуштап келген.

Өзбекстанда ырчы болууну каалагандар аталган мекемеден лицензия алмайынча чыгармачылык менен алектене албайт. Жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү чектен чыккандарды жазалоо иретинде лицензиясын убактылуу токтотуп коюу тажрыбайсы бир канча жылдан бери колдонулат.

Лицензиясы бар ырчылардын гана ырлары, клиптери телерадиого чыгарылат.Мындан ары, жаңы эреже боюнча, Көркөм кеңеш тастыктабаган клиптер интернетке да жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG