Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 20:58

Пакистан бийлиги Кашмир аймагында индиялык аскерлер аткан бомбадан төрт аскери мерт кеткенин маалымдады. Эки өлкө ортосунда орун алган талаш аймактагы бул окуя 16-июлда болгон. Маалыматка караганда, аскерлер бараткан автоунааа индиялыктар көзөмөлдөгөн тараптан атылган снаряд тийгенден соң Нилум дарыясына чөгүп кеткен.

Индиянын Коргоо министрлиги бул жаатта эч кандай кабар жоктугун билдирди.

Кашмирди 1947-жылы Британиянын колониялык башкаруусу токтогондон соң Индия менен Пакистан бөлүп алган. Андан бери аймакка толук ээлик кылуу үчүн эки мамлекет ортосунда талаш жүрөт.

XS
SM
MD
LG