Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Мадумаровдун тарапкерлери Казакстанда марафон өткөрүп жатышат


Адахан Мадумаров.

Кыргызстанда президенттик шайлоого ат салышарын билдирген Адахан Мадумаровдун тарапкерлери Казакстанда марафон өткөрүүдө. Алардын максаты Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер төлөй турган 1 миллион сом күрөөнү топтоо. Уюштуруучулар кабарлашкандай, алгачкы марафон Алматыда 14-июлда уюштурулду. Мындан ары башка аймактарда өтөт.

Марафон уюштуруу Казакстанда иштеп жаткан кыргыз мигранттардын демилгеси экени, Мадумаровдун ага тиешеси жок экени айтылат таратылган маалыматта.

Эрежеге ылайык, пезидент болуу дымагы бар киши Борбордук шайлоо комиссиясына катталуу үчүн 30 миң кол топтошу, мамлекеттик тилден сынак тапшырышы жана күрөөгө 1 миллион сом коюшу кажет.

Адахан Мадумаров буга чейин күрөөнү төлөөгө кудурети жетерин билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октбярда өтөт. Тактыга ат салышуу ниети бар 30 чамалуу киши БШКга арыз берген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (41)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG