Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:19

Бишкек мэриясы жоокерлер өтмөк оңдоп жатканы тууралуу маалыматты четке какты


Бишкек шаардык мэриясы Чүй жана Абдырахманов көчөлөрү кесилген жердеги өтмөктү оңдоого жоокерлер тартылганы тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин айрым булактар ал жерде аскерлер иштеп жатканын жазып чыккан эле.

Мэриянын басма сөз кызматы 17-июлда кабарлагандай, өтмөктү "Бийик KG" ишканасы оңдоп жатат. Мекеменин жумушчуларынын кийими аскерлердикине өңдөш болгону үчүн такталбаган маалыматтар тарап кеткени айтылат билдирүүдө.

Өтмөктү оңдоо иштери 10-июлда башталган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG