Бүгүн Нидерландда үч жыл мурда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учактын жүргүнчүлөрү эскерилүүдө. Амстердамдагы иш-чарага Нидерланддын падышасы Виллем-Александр жана каныша Максима баштаган 2000 миңге чукул адам катышууда.
2014-жылдын 17-июлунда MH17 каттамындагы малайзиялык учак Украинанын чыгышында атып түшүрүлүп, андан борттогу 298 адамдын баары каза тапкан. Амстердамдан Куала-Лумпурга сапар алган учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.
2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган "Бук" ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген тыянакка келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирип келет.