Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Брюсселде Өзбекстан менен Евробиримдик сүйлөшүү өткөрөт


Брюсселде Евробиримдик менен Өзбекстандын расмий өкүлдөрү жогорку деңгээлдеги жыйын өткөргөнү турушат. 17-июлдун кечине белгиленген бул иш-чара мурдагы президент Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрь айында көз жумгандан берки алгачкы ири жолугушуу болуп калмакчы.

Ага өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышат деп күтүлүүдө. Өзбекстандагы адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү маселеси талкуулана турган бул жыйынга Эстониянын тышкы иштер министри Свен Миксер төрагалык кылат.

Евробиримдик менен Өзбекстан мындай жолугушууну акыркы жолу 2015-жылы өткөргөн.

XS
SM
MD
LG