Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:42

Салянованын сотуна министрди чакыруу өтүнүчү четке кагылды


Салянованын иши боюнча отурум. 29-майда тартылган сүрөт
Салянованын иши боюнча отурум. 29-майда тартылган сүрөт

Бишкек шаарынын Ленин рйондук сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын соту 17-июлда да уланды. Отурумда адвокаттар Саляновага каршы козголгон кылмыш ишиндеги башкы күбө, юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Жактоочу Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдиргендей, сот аны канааттандырган жок. Отурум уланууда.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри кезинде Мамбеталиева анын орун басары болгон.

Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши 2016-жылдын декабрь айында козголгон. Ал юстиция министри болуп турганда кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан деп айыпталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG