Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Нартай Дутбаевдин соту 17-июлда баш калаа Астанада башталды.
Атайын кызматты 2001-2006-жылдар аралыгында башкарган Дутбаев жана анын алдында иштеген эки кызматкер "мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарган" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда.
Казакстандын Аскердик соту анда жашыруун материалдар колдонулгандыктан иш жабык каралаарын билдирди.
Айыптарды четке каккан соттолуучулар декабрь айында кармалышкан. Бийлик өкүлдөрү алар кандай маалыматты ачыкка чыгарганын так айтышкан жок.