Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Таласта расмий никеге тургандар азайып жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Талас шаарында расмий никеге тургандар былтыркыга салыштырмалуу үч пайызга азайды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин шаардагы бөлүмүнүн башчысы Айнура Байсабаева билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк баш кошуп, балалуу болгондон кийин гана нике кагазын алып жатат. Бул жагдайга түрткөн себептер азырынча так аныктала элек.

Шаарда 2016-жылдын биринчи жарым жылында 138 адам нике кагазын алса, быйыл 85 кишиге берилген. (AlS)

XS
SM
MD
LG