Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:36

ЕБ химиялык чабуул боюнча 16 сириялыкка санкция киргизди


Апрель айында Хан-Шейхун аймагында болгон аба соккулары химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Сириядагы химиялык чабуулдар боюнча дагы 16 сириялыкка санкция жарыялоону чечти. Министрлердин 17-июлда Брюсселдеги жолугушууда кабыл алган чечиминде 16 адамдын сегизи жогорку даражалуу армия өкүлдөрү, калганы химиялык куралды жасоого аралашкан илимпоздор деп мүнөздөлгөн.

Санкцияга ылайык, бул адамдар Евробиримдикке кире алышпайт. Уюмга мүчө 28 өлкөдөгү банк эсептери жабылат.

Натыйжада уюмдун Сирия боюнча санкциясына кабылган адамдардын саны 255ке, мекемелердин саны болсо 67ге жетти.

XS
SM
MD
LG