Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Кыргызстан жарандары үчүн Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узарды 


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 15-июлда эки өлкө аймагында жүрүү тартиби тууралуу өкмөт аралык макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Ага ылайык, 15-июлдан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат.

Коңшу мамлекетте убактылуу жүрүү мөөнөтү жарандар барган күндөн баштап, миграциялык карта же Казакстандын аймагына кирип жатканда чек ара көзөмөлү койгон белги боюнча эсептелинет. Бир айдан ашык жүргөндөр Казакстандын Ички иштер министрлигинде жашаган жери боюнча катталышы зарыл.

Ушундай эле эрежелер Кыргызстанга келген Казакстандын жарандарына да тиешелүү. Мурда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 5 күн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG