Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:55

Украина менен Молдованын ортосундагы чек ара өтмөгү ачылды


Павел Филип менен Петро Порошенко.
Павел Филип менен Петро Порошенко.

Украина президенти Петро Порошенко менен Молдованын премьер-министри Павел Филип 17-июлда эки мамлекеттин ортосундагы чек ара өтмөгүн ачышты. Өтмөктүн Молдовадагы бөлүгү өзүн эркин деп жарыялап алган Приднестровье республикасына карайт.

Көзөмөл-өткөрмө бекеттин ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып Порошенко өз өлкөсү Молдованын аймактык бүтүндүгүн толугу менен колдой турганын, анын калыбына келишине жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Приднестровье бийлиги Украина менен Молдованын ортосундагы чек ара өтмөгүнүн ачылышын айыптап, муну республиканы экономикалык жактан кысымга алуу катары баалады.

Москва колдоого алган Приднестровье Молдовадан 1990-жылы бөлүнүп чыккан. 1992-жылы Молдова менен жикчилдер ортосунда жаңжал болуп, ага орусиялык аскерлер кийлигишкен. Приднестровьенин көз карандысыздыгын бир дагы мамлекет тааный элек. Аймакта Орусиянын 1200 аскери бар. Кишинев бир нече жолу Приднестровьеге эл аралык тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүнү сураган.

XS
SM
MD
LG