Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Келдибеков: Менин президенттик шайлоого катышууга укугум бар


Акматбек Келдибеков “Ата Журт” партиясынын XI курултайында сөз сүйлөп жатат.
Акматбек Келдибеков “Ата Журт” партиясынын XI курултайында сөз сүйлөп жатат.

"Конституция боюнча Кыргызстандын жараны катары менин дагы президенттик шайлоого катышууга толук укугум бар”. Бул тууралуу бүгүн Акматбек Келдибеков “Ата Журт” партиясынын XI курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал акыркы беш жылда Кыргызстан 1,1 млрд доллардан ашуун насыя алганын, бул мурдагы 10 жылда алынган насыянын суммасына барабар экенин айтты. Ошондой эле партиянын дагы бир лидери Камчыбек Ташиев менен атаандаш эмес, бир талапкер катары чыгышарын, бир жыйынтык үчүн күрөшөрүн кошумчалады.

- Президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен алда канча чыгып, Конституцияда каралбаган көптөгөн ыйгарып укуктарды өзүнө ыйгарып алган. Ушул дагы адилеттикпи, ушул дагы мыйзамдуулукпу?

Курултайда президенттикке Ташиев менен Келдибековдун талапкерлигин сунуштоо боюнча партиянын саясый кеңешинин чечимин Бөдөш Мамырова жарыялаган.

Жогорку Сот 13-июнда маалымат таратып, Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда гана алынарын кабарлаган. Экс-депутат “Азаттыкка” курган маегинде муну саясий каралоо катары сыпаттап, Жогорку соттун чечими өзүнө расмий көрсөтүлүшү керектигин айткан.

Акматбек Келдибеков "коррупция" беренеси боюнча соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КE)

XS
SM
MD
LG