Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Бекназаров: президенттик орун бирөө гана


Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров.
Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров.

Бүгүн Туруктуу элдик кеңештин төрагасы, саясатчы Азимбек Бекназаров “Ата Журт” партиясынын курултайында сөз сүйлөп жатып, президенттик бир гана орун бардыгын белгилеп, кеңешип бир талапкерди чыгаруу сунушун айтты.

- Орун - бирөө, али кеч эмес. Экөөңөргө орун жок. Ойлонгула, мейли, катталгыла, бирок эл добуш бергенге чейин чечиш керек. Керек болсо ушул жерде отурган талапкерлер, биз дагы ойлонушубуз керек.

“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши президенттикке эки талапкерди - лидерлер Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду сунуштоо чечимин кабыл алган.

Бул оппозициядагы саясий партиянын курултайына өлкөдөгү белгилүү саясатчылардан Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Ишенбей Кадырбеков, Жылдызкан Жолдошева, Медеткан Шеримкулов да кирген коомдук ишмерлер катышууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, 29 киши арызын тапшырды. Башка дагы арыз жазууга ниеттенгендер жок эмес. Талапкерлерди расмий каттоо 1-августка чейин жүрөт. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG