Башкы прокуратурадан бүгүн кабарлашкандай, Нарын райондук соту Ат-Башы районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Б.Ш. аттуу башчысын Кылмыш-жаза кодексинин 305, 166-беренелери (“кыйноо”, “шылуундук кылуу”) боюнча айыптуу деп тапты. Аталган кызматкерге карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөп, үч жыл тартип коргоо органдарында иштөөгө тыюу салынды. Мындан сырткары айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы менен дагы бир кызматкери “кыйноого” айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды.
Маалыматка караганда, 6-майда Нарын районунун үч жашоочусу кайрылып милиция кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алар коркутуп-үркүтүү менен 120 миң сомун тартып алганын айтып УКМКнын облустук башкармалыгына кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, кыйноолордун 96% милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Көбүнчө кармалган киши тергөөгө чейинки текшерүүлөр учурунда, кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кыйноого алынат.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор өткөн жылы 132 учур катталып, прокуратура тарабынан тогуз кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (КЕ)