19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +27...+32,
Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16..
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33.