Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Мустафа Ахунбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат


Мустафа Ахунбаев.
Мустафа Ахунбаев.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы, режиссёр, профессор Мустафа Ахунбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-июлда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрда ɵтɵт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Мустафа Ахунбаев 17-июлунда 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнɵдɵн кайткан.

Ал "Ленфильмде" экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин "Князь Игорь" көркөм фильмин тартууга катышкан, "Руслан менен Людмила" операсын, "Өлбөстүк", "Саманчынын жолу", "Тынч Дон", "Петр I" аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл Союздук сынактарда биринчи даражадагы диплом, медалдар менен сыйланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG