Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

БШК: бир партиядан эки талапкер чыга алат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Бакытбек Жумагулов билдирди. Анын айтымында, талапкер партиянын ички уставына ылайык сунушталат. БШК өкүлү эгер устав ага жол берсе, мыйзам бузуу болбой турганын кошумчалады.

“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши президенттик шайлоого Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун талапкерлигин сунуштоо тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу партиянын бүгүнкү курултайында айтылды.

БШКнын маалыматына караганда, президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 30га жетти. Алардын бешөөнү партия көрсөтсө, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG