Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

ДНР Украинанын аймагында жаңы мамлекет түзгөнүн жарыялады


Александр Захарченко
Александр Захарченко

Өздөрүн "Донецк элдик республикасы" (ДНР) деп атаган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченко Украинанын аймагында "Малороссия" аттуу жаңы мамлекет түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги орусиячыл жикчилдердин лидеринин билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Жикчил топтун маалыматында "Малороссия" Украинанын Крымдан башка аймагында түзүлөөрү, Донецк шаары анын борбору катары саналаары, 19 облустан тураары айтылат. ДНР лидери мындай демилгени "Украинанын мурдагы региондору" көтөргөнүн, бул кадам аймактагы жаңжалды токтотууга көмөктөшөт деп ишенерин айткан.

Өздөрүн "Луганск элдик республикасы" (ЛНР) деп атаган аймактын өкүлдөрү болсо "Малороссиянын" түзүлүшүнө эч тиешеси жоктугун айтышты.

Украинанын президенти Петро Порошенко жикчилдердин "Новороссия" долбоору жок болгонун билдирип, акыры Донбасс менен Крым өкмөттүн карамагына өтөт деп убада берди.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы жикчилдер референдум өткөргөнүн жүйө келтирип, өз алдынча мамлекет түзгөнүн жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG