Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Текебаевдин сотунда адвокаттар Атамбаевди чакыруу өтүнүчүн келтиришти


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттар үчүнчү ирет Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Алар Леонид Маевский көрсөткөн иш бөлмө Текебаевдики эмес, Атамбаевдики болушу мүмкүн деген көрсөтмөлөр буга негиз берип жатканын айтып жатышат. Бул сунуш азыр ачык бойдон калды.

Бүгүнкү соттук отурумда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Элмира Ибраимова, ошол кездеги УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берди. Үчөө тең 2010-жылы 13-май күнү өлкө түштүгүндө кырдаал курч болуп турганын, Убактылуу өкмөт абалды тынчтандыруу боюнча чукул жыйынга чогулганын, ага Өмүрбек Текебаев катышканын айтышты.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай Текебаевге алданып калганын айтып, быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.

Бул иш боюнча мурдагы элчи жана министр Дүйшөнкул Чотонов да айыпталууда.

Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.(КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG