Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Чек аралаш аймактардагы жаштар үчүн атайын долбоор иштей баштады


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралаш аймактарда жашаган жаштар үчүн “Тынч жана инклюзивдик коомчулук үчүн жаштардын туруктуулугун жогорулатуу” программасы иштей баштады. Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги жана ЮНИСЕФ тарабынан сунушталган долбоор социалдык биримдикти түзүүгө жана жаштардын, балдардын арасында зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган. Ошондой эле социалдык теңсиздикти кыскартуу жана чыр-чатактарды алдын алуу максатын көздөйт.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аталган программа Баткен, Жалал-Абад облустарындагы чек арада жайгашкан райондордо, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ишке ашырылат. Долбоордун расмий ачылышына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит, ЮНИСЕФтин Чыгыш жана Борбордук Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору Афшан Хан, Улуу Британиянын Борбор Азия боюнча эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Ник Боулер катышты.

Буга чейин Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айыл аймагында мектеп программасынан тышкары ЮНИСЕФтин «Көп тилдүү билим берүү» долбоору иштеп баштаган.

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш айылдарында жер, суу, жайыт маселесине байланышкан чатактар маал-маалы менен чыгып турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG