Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

Табият кырсыгынан жабыркагандарга насыя берүү программасы талкууланды


Өкмөт өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга жеңилдетилген шартта насыя берүү маселесин кароодо. Каражат турак жай куруу, курулушу бүтө элек үйлөрдү бүткөрүү жана турак жайларды калыбына келтирүүнү максат кылган “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды. Анда Чоң-Алай жана Өзгөндөгү кырсыктан жабыркагандарга көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу маалымат угулду.

Абулгазиевдин айтымында, жабыркаган эки районго социалдык объектилерди куруу, жолго, электр линияларын өткөрүүгө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 600 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

- Чоң-Алай району боюнча 630 үй-бүлө 39 миң сомдон алышты, Өзгөн району боюнча 72 үй-бүлө 100 миң сомдон алышты, 20 млн сом эсепте турат. Бул каражат Өзгөн районундагы жабыркагандарга чиновниктердин катышуусусуз, өздөрү тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт. Өзгөн районунда жаратылыш кырсыгынан 1063 үй жабыркаган, анын ичинде 72 үй бүлөнүн турак жайы жер көчкүнүн астында калган. Турак жайсыз калгандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүү керек.

Абулгазиевдин айтымында, өкмөттүн чечими менен 219 гектар жер Жаман-Адыр, Ана-Кызыл жана Куршаб айылдарынан жеке турак жай куруу үчүн трансформацияланып берилди. Бүгүнкү күндө бардык жабыркаган жашоочулар курулуш үчүн жер тилкесин алышты.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз адамдын сөөгү табылган. Кооптуу жайдан ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG