Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Рахмондун алтынчы кызы ири банктын төрага орун басары болду


 Зарина Рахмон
Зарина Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кыздарынын бири Зарина Рахмон өлкөдөгү ири банктардын бири "Ориёнбанктын" төрага орун басары болуп дайындалды. Бул банкты анын бир тууган таекеси, белгилүү ишкер Хасан Асадуллозода жетектейт.

18-июлда "Азаттыктын" тажик кызматынын колуна тийген документке ылайык, 23 жаштагы Зарина Рахмон бул кызматка жыл башында дайындалган.

Президенттин алтынчы кызы Британиядагы колледждердин бирин бүтүрүп, 2010-жылы эки айдай Тажикстандын мамлекеттик телеканалында англис тилинде жаңылыктарды окуган диктор болуп иштеген.

2013-жылы тажик өкмөтүндөгү Байланыш кызматынын төрагасы Бега Сабурдун уулу Рамз Зухуровго турмушка чыккан.

Рахмондун улуу кызы 39 жаштагы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин администрациясын жетектейт. Президенттин уулу 29 жаштагы Рустам быйыл Душанбе шаарынын мэри, кийинчерээк шаардык кеңештин да башчысы болуп дайындалган.
Рахмондун дагы бир кызы Рухшон Рахмонова 2016-жылы ноябрь айынан бери Тажикстандын тышкы иштер министрлигинде Эл аралык байланыштар башкармалыгынын орун басары болуп иштейт.

1992-жылдан бери Тажикстанды башкарып келаткан Рахмондун 9 баласы бар.

XS
SM
MD
LG