Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясына кулаган жеңил унаанын айдоочусу табылбай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 11-июль түнү “Нива” үлгүсүндөгү автоунаа дарыяга түшүп, 34 жаштагы айдоочусу сууга агып кеткен.
Облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” айтымында, бул окуяга байланыштуу айдоочу иштеген кытайлык "Сардоникс" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын кызматкерлери бүгүн сурак берди. Изделип жаткан айдоочунун жакындары кытайлык компаниянын кызматкерлери машинанын сууга түшүп кеткенин билип туруп убагында маалымат бербей коюшканын айтып жатышат.
Сууга кулаган “Нива” табылып, айдоочуну издөө иштери уланууда. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар дагы тартылды. (КЕ)