Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:40

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен Бишкекте жолуккан учурда билдирди. Соңку расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылы бул көрсөткүч 100 миң төрөлгөн балага 30,3 учурду түзгөн. Энелердин өлүмү 2015-жылга караганда 21,3% төмөндөгөн.

Өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын “Азаттык" радиосуна айтымында, 2016-жылы 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн каза болгон.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы Кыргызстандагы эне жана баланын өлүмүн баалоо системасын, маалыматтарды чогултуу жана өлүмдүн себептерин аныктоо максатында келген. Анын жыйынтыгында көйгөйдү алдын алуу, эне өлүмүн кыскартуу боюнча сунуштар берилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG