Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:41

Расмий Вашингтон Терегандын баллистикалык ракеталар программасы жана башка аскердик аракеттери боюнча жаңы санкцияларын жарыялады. АКШнын Каржы министрлигинин 18-июлда жарыяланган билдирүүсүндө бул санкциялар "тыюу салынган ирандык оюнчуларды колдоо ишине жана улут аралык кылмыштуу ишмердүүлүккө катышканы" үчүн 16 адам жана мекемени бутага алары айтылат.

Дүйшөмбүдө президент Дональд Трамптын администрациясы Иран 2015-жылы жетишилген өзөктүк келишимдин талаптарын аткарып жатканын, бул багыттагы санкцияларды жеңилдетүү улана берерин билдирген. Бирок баллистикалык ракеталар сыяктуу башка маселелер боюнча Иранга каршы жаңы санкциялар болушу мүмкүндүгү ишара кылынган.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШнын мындай билдирүүсү карама-каршылыктуу экенин, андан кандай тыянак чыгарууну билбей турганын айткан.

XS
SM
MD
LG