Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Liglass Trading CZ маалымат каражаттарына жооп берди


Иллюстрация
Иллюстрация

18-июлда Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн тендерден жеңген чехиялык Liglass trading CZ (LTD CZ) компаниясы маалымат каражаттарында пайда болгон суроолорго жооп кайтарып, билдирүү таратты.

Анда компания Кыргызстанда ишкердик кылуу үчүн жакшы атмосфера түзүлгөнүнө толук ишенээрин, долбоор эки өлкө ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө түрткү болот деп, медиадагы азыркы ызы-чуунун артында атаандаштар турат деп белгилейт.

LTD CZ менчик фирмасы өнөктөштөрү менен бирге дүйнө боюнча кайра калыбына келип турчу энергия булактарына байланышкан долбоорлорго катышканы, Чехияда салык төлөп турганы, Liglass компаниясы менен мүлк же жеке байланыштары жок экени айтылат.

LTD CZ бир нече чет өлкөлүк фирмалар менен бирге Кыргызстандагы ачык тендерге катышып, анын бардык шарттарын аткарганын, кепилдик катары бир миллион доллардан көп каражат төлөгөнүн, техникалык документацияны сунуш кылганын билдирди.

Компания бир жарым жылдан бери Кыргызстанда иштеп келатканын, бул долбоорго инвестор катары GIDEPINVEST фирмасы менен өнөктөштүктө катышканын, ал фирма ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу боюнча өзгөчө Борбор Азиядагы ишмердиги менен белгилүү экенин жазат.

Ал эми каржылоо маселесине келгенде LTD CZ бул жагынан Green Capital жана Pantheon сыяктуу өнөктөштөрү менен энергетикалык долбоорлорду финансылоодо бай тажрыйбага ээ деп айтылат. Билдирүүдө Кыргызстандагы долбоорду каржылоого кепилденген булактары бардыгы, буга чейин бир нече миллиондук инвестиция салганы, ал келишимдери коммерциялык сыр болуп санаалары, долбоор ачык гана булактардан каржыланары айтылат.

Өткөн аптада чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялагандан кийин бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жаратты. Кечээ Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев чех компаниясы 30 банк күндүн ичинде сыналарын билдирген эле.​ (AA)

XS
SM
MD
LG