Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:29

Казакстанда атышуудан алты киши жараат алды


Атышуу 18-июлда Мангыстау облусунун Каракыян районунун Курык айылында болгон. Полициянын кабарлашынча, жараат алган үч адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. 20-23 жаштардагы дагы үч жигит ооруканага жеткирилип, операция жасалды. Дарыгерлер алардын биринин абалы “оор” экенин билдирди.

Окуяда бир нече киши өлгөнү айтылууда. Бирок бул маалыматты Мангыстау облусунун ички иштер департаменти ырастап же четке каккан жок. Окуянын чоо-жайы белгисиз. Учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG