Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Разаков: Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери жүрүп жатат


Кыргыз-тажик чек арасы. Аксай айылы, Баткен облусу. 11.1.2014.
Кыргыз-тажик чек арасы. Аксай айылы, Баткен облусу. 11.1.2014.

Тажик өкмөтүнө караштуу Жер жана геодезия комитетинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берип, ушул жылдын башынан берки сүйлөшүүлөр майнаптуу болгонун айткан.

- 2017-жылдын алгачкы алты айында коңшу Кыргызстан жана Өзбекстан менен делимитация жана демаркация маселелери боюнча сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болду. Кыргызстан менен чек аранын 519 чакырымын толук тактап, тиешелүү келишимге кол коюлду. Документке өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалары кол койду. Эми ага эки өлкөнүн президенттери кол коюшу керек.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков “Азаттык” үналгысына чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши өз нугунда жүрүп жатканын айтып, кайсы бир тилке тууралуу орток пикир табылган учурлар болгонун маалымдаган жок.

- Жумушчу топтор изилдеп, өз жумуштарын кылып жатат. Азыр эми кандайдыр бир сандарды, маалыматтарды айта албайм го. Бирок жылыштар бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкеси 971 чакырымды түзөт. Анын 471 чакырымы талаштуу бойдон калууда. Тажикстан менен талаштуу жердин саны 70ке жетет. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG