Санкт-Петербургда бир нече активист шаардын ар кайсы жеринде крым татарларын колдогон пикетке чыгышты. Алар крым татарлардын көйгөйүнө көңүл бурууга элди чакырышты. Жарандарга эл аралык укук боюнча Орусия баскынчы-мамлекет экенин түшүндүрүү жана орус бийлигинин крым татарларынын алдындагы милдетинин аткарбай жатышын жеткирүү максатын көздөп жатканын айтышты.
Жергиликтүү "Тилектештик" демократиялык кыймылынын активисти Ольга Смирнованын айтымында, орус коомчулугу крым татарларына карата жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттан кабарсыз.
"Азаттык" радиосунун орус кызматы билдиргендей, пикет болгон жерлердин жанынан өткөндөрдүн айрымдары крым татарларына жан тарта турганын билдирсе, кээ бирлери активисттердин аракетине нааразы болуп, Крымдын бардык эли өз эрки менен Орусияга кошулганын, крым татарлары өз көйгөйлөрү үчүн өздөрү күнөөлүү экенин айтышкан.