Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу болжол менен октябрда башталат


Йиржи Войтеховски.
Йиржи Войтеховски.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу быйыл октябрда башталышы ыктымал. Бул тууралуу Нарын облусундагы курулушу токтоп турган каскадда 18-июлда өткөн брифинг учурунда чехиялык Liglass Trading CZ SRO компаниянын өкүлү Йиржи Войтеховски ​журналисттерге билдирди. Анын айтымында, келишим түзүлгөндөн тарта үч айга чейин техникалык-экономикалык негиздеме дайын болот. Андан кийин 30 күн аралыгында аталган компания Кыргызстандын Орусияга болгон 37 миллион долларлык карызын төлөөгө тийиш.

Войтеховски бул иштер бүткөн соң акцияларды каттоо жараяны башталарын, курулушка болжол менен төрт жыл убакыт кетерин кошумчалады. Компания Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 500 миллион доллардай инвестиция салууга даярдыгын да айтты.

Аталган компания Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Өткөн аптада чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялагандан кийин бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жаратты.

Компания менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген кат да интернетте тараган. Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев чех компаниясы 30 банк күндүн ичинде сыналарын билдирген эле. Аталган компания кечээ маалымат каражаттарында пайда болгон суроолорго жооп кайтарган билдирүү таратып, азыркы ызы-чуунун артында атаандаштар турат деп белгиледи.​

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (NT)

XS
SM
MD
LG