Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Кыргызстанда жыл сайын ВИЧ илдетин жаңы жуктургандардын саны 10% өсүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-июнуна карата аталган ооруга чалдыккандардын саны 7427 болсо, алардын 7 миң 38и Кыргызстандын жарандары.

902си СПИДге чалдыккан. Жалпы бейтаптардын 600гө жакыны балдар.

Инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар 51% түзөт, 2011-жылы бул көрсөткүч 31% болчу. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар экенин жана алардын арасында аялдар көбөйүп жатканын билдирди.

Бүгүн Бишкекте ВИЧтин алдын алуу жолдору тегерек үстөлдө талкууланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG