Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Ошто Сариевдин шайлоо баннерлери уурдалды


18-июлдун түнүндө “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин Ош облусунун Араван районундагы штабынан баннерлер уурдалды.

Бул тууралуу Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал штабда кызматкерлер жана партия лидеринин тарапташтарынын маалыматтык базасы камтылган техникалар болгонун, белгисиз адамдар мекеменин ичине кирүүгө аракет кылганын айтууда. Окуя боюнча жергиликтүү милицияга маалымат берилди.

Темир Сариев президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Аны “Ак шумкар” партиясы 19-июндагы курултайында талапкер катары расмий көрсөткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG