Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Болот Шер: Маевский тууралуу уккан эмесмин


Текебаев-Чотонов сотунда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шер көрсөтмө берди.

Ал Өмүрбек Текебаев менен достук мамилеси барын, бирок андан Маевский тууралуу укпаганын айтты.

- Миллион доллар тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Текебаев абийирин акчадан бийик койгон киши. “Мегакомго” байланыштуу бир нерсе болсо мен билмекмин, башкага айтпаса да мага айтмак, - деди.

Болот Шер Алексей Модиндин Ак үйгө кайсы эшиктен киргени кызык экенин, анткени башкы эшик ошол тушта жабык болгонун кошумчалады.

Ушул тапта Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берүүдө. Буга чейинки соттук отурумдарда Убактыгуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган башка өкүлдөрү көрсөтмө беришкен. (ZКо)

XS
SM
MD
LG