Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Ош: Жапалакта 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынды


Жапалак айыл өкмөтүндө 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынды. Ош облусу. 2017
Жапалак айыл өкмөтүндө 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынды. Ош облусу. 2017

Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүндө спирт ичимдигин сатууга каршы иш-чара өттү.

Андан элден сатылып алынган 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынды. Бул иш-чарага жергиликтүү тургундар, Ош шаардык милициясынын өкүлдөрү, айыл өкмөтү жана Ош шаарынын казыятынан өкүлдөр катышты. Арак саткандарга 10 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталды. Ушундай өлчөмдөгү айып пулду мыйзамдаштыруу өтүнүчү Ош шаардык кеңешине жөнөтүлмөй болду. Бул демилге айылда 83 жаштагы киши кызуу абалында кемпирин өлтүрүп койгондон кийин көтөрүлгөн.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим сураткан.

Буга чейин Ош жана Нарын облусунун аймагындагы айрым айылдарында дин ишмерлери жана жергиликтүү тургундардын демилгеси менен ичимдик сатууга тыюу салынганы кабарланган. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG