Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Ажыга барчулардын 95 пайызы эмделди


Иллюстрация
Иллюстрация

Республикалык иммунологиялык борбордун директору Жолдош Калилов "Азаттыкка" быйылкы ажылык сапарга барчулардын 95 пайызы эмделгенин билдирди.

Жалпы 4 миң 585 киши ажылык сапарга Сауд Арабиясына аттанса, алардын 4 миң 315и эмделип бүттү. Чүй облусу боюнча эмдөө 100 пайызга ишке ашып, 502 адам толук эмделди.

Жалпысынан Бишкек шаарында 278, Чүй облусунда 502, Таласта 40, Нарында 26, Ысык-Көлдө 65, Ош шаарында 446, Ош облусунда 1798, Жалал-Абадда 931, Баткен облусу боюнча 444, ажылыкты уюштуруу штабынан 55 киши эмдөөдөн өтүүгө тийиш.

Эмдөө 20-июлда аяктайт. Быйыл Меккеге ажылык зыярат августка белгиленген. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG